Япония, Франция жана АКШ биргелешкен машыгуу өткөрөт

Үч өлкөнүн кургактык күчтөрү биринчи жолу ири масштабдуу биргелешкен машыгуу өткөрөт.

1628298
Япония, Франция жана АКШ биргелешкен машыгуу өткөрөт

Япониянын Кургактыктан өзүн-өзү коргоо күчтөрү (GSDF) Кытайдын коркунучтуу иш-аракеттерине каршы Франция жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен биргеликте ири масштабдуу машыгууларды өткөрөт.

Япониянын коргоо министри Киси Нобуо пресс-конференцияда, өлкөнүн түштүк-батышындагы Кюсю шаарында 11-17-май күндөрүнүн аралыгында Франция жана АКШ менен биргелешкен машыгуу өткөрүүнү пландаштыргандарын билдирди.

Үч өлкөнүн кургактык күчтөрүнүн биринчи жолу ири масштабдуу биргелешкен машыгуу өткөрө тургандарына көңүл бурган Киси: «Франция "Эркин жана Ачык Инди-Тынч океан" көз карашын бөлүшүүдө»,- деди.

Министр Киси: «Биз алыскы аралдарды коргоонун алкагында Япония, АКШ жана Франциянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо менен тактикалык жөндөмүбүздү өркүндөтүүнү максат кылып жатабыз»,-деди.

Киодо агенттиги кабарында, Инди океаны менен Түштүк Тынч океанында аймактары бар Франциянын Инди-Тынч океанында стратегиялык кызыкчылыктарга ээ экенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар