Цзиньпин климат боюнча саммитке катышат

Жо Байден саммитке 40 өлкөнүн лидерин чакырган болчу.

1625540
Цзиньпин климат боюнча саммитке катышат

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байдендин чакыруусу менен Климаттык саммитке катышат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньиндин билдирүүсүнө караганда, Цзиньпин 22-апрелдеги Климат саммитинде видеоконференция аркылуу сөз сүйлөйт.

Саммитке даярдануунун алкагында АКШнын климат боюнча атайын өкүлү Жон Керри өткөн жумада Кытайга 4 күндүк иш сапары менен барган.

АКШнын президенти Жо Байден 23-мартта президент Режеп Таййип Эрдоган баш болгон Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Россиянын президенти Владимир Путин да арасында болгон 40 өлкөнүн лидерин 22-23-апрелде боло турган онлайн саммитке чакырган эле.



Тектеш кабарлар