Салман менен Дендиас жолугушту

Бин Салман менен Дендиас Сауд Аравиясынын Жидда шаарында жолугушуу өткөрдү.

1625517
Салман менен Дендиас жолугушту

Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас эки өлкө ортосунда кол коюлган "аскердик келишимден" кийин биргелешкен кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Сауд Аравиясынын расмий SPA агенттигинин кабарына караганда, Бин Салман менен Дендиас Сауд Аравиясынын Жидда шаарында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер жана ар кандай тармактардагы биргелешкен кызматташуунун багыттары менен бул кызматташтыкты колдоо жана өнүктүрүү жолдору, ошондой эле аймактык маселелер каралып чыкты.

Грециянын АКШдан сатып алган Патриот абадан коргонуу батареяларынын бирөөнү Сауд Аравиясына берилиши боюнча Греция менен Сауд Аравиясынын тышкы иштер министрлеринин ортосунда келишимге кол коюлгандыгы маалымдалган эле.



Тектеш кабарлар