ДСУнун жиберген Ковид - 19 вакциналары Идлибге жетти

ДСУ жарандык согуш уланып жаткан Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына 53 800 доза вакцина жөнөттү.

1625822
ДСУнун жиберген Ковид  - 19 вакциналары Идлибге жетти

 ДСУ жарандык согуш уланып жаткан Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына 53 800 доза вакцина жөнөттү.

Ковид  - 19  вакциналарына жетишүү программасы COVAXтын негизинде Идлибге жиберилген 53 800 доза вакцина Хатай облусунун маңдайындагы Бабул аба чек ара капкасында Идлиб облустук саламаттык сактоо директорлугунун топторуна тапшырылды.

Бул вакциналар 2021 -  жылдын 1 -  майынан тарта медицина кызматкерлерине, өнөкөт оорусу бар жана 60 жаштан жогору кишилерге бериле баштайт.

ДСУ Глобалдык вакцина жана эмдөө биримдиги GAVI жана  эпидемиологиялык ооруларга даярдык үчүн жаңылык коалициясы CEPI тарабынан 2020 -  жылы апрелде  COVAX демилгеси башталган.

COVAX Ковид  - 19  вакциналарынын дүйнөнүн эң жакыр 92 өлкөсүнө тең, ылдам жана адилеттүү түрдө таркатуу максатында курулган.

Ушул кезге чейин 190 өлкө мүчө болгон COVAXка Америка менен Россия азырынча кошула элек.



Тектеш кабарлар