Даг Дюси Жо Байден башкаруусунун иммиграция саясатын сынга алды

АКШнын Аризона штатынын республикалык губернатору Даг Дюси Мексика чек арасындагы качкындар агымын токтотуу үчүн 250 Улуттук Гвардия бөлүгүн чек арага жөнөтөөрүн жарыялады.

1625536
Даг Дюси Жо Байден башкаруусунун иммиграция саясатын сынга алды

АКШнын Аризона штатынын республикалык губернатору Даг Дюси Мексика чек арасындагы качкындар агымын токтотуу үчүн 250 Улуттук Гвардия бөлүгүн чек арага жөнөтөөрүн жарыялады.

Чек арада качкындардын топтолушун "кризис" деп мүнөздөгөн губернатор Дюси президент Жо Байден башкаруусунун иммиграциялык саясатын сынга алып : "Эгер өкмөт эч нерсе кылбаса, анда биз жасайбыз",- деди.

Губернаторлуктан берилген билдирүүдө Улуттук Гвардиянын чек арадагы башпаанек борборлорунда милдетин аткарышы үчүн алгач 25 миллион доллардын бөлүнгөндүгү, аскерлердин жергиликтүү полиция күчтөрүнө  ошондой эле борборлордогу саламаттыкты сактоо кызматтарына жардам берири,  чек арага коопсуздук камераларынын орноштурулары,  адам сатууга каршы коопсуздук камералары менен спутниктиктен алынган көрүнүштөрдү  талдай тургандыгы белгиленди.

Америкалык Жарандык Эркиндиктер Биримдигинин Аризонадагы филиалы бул темага байланыштуу билдирүүсүндө, Дюсинин чечиминин "чек арадагы коомдорду»  аскерлештирүүдөн, керексиз жана ашыкча коркуу сезимин жаратуудан башка ишке жарабай тургандыгы  билдирилди.  

Маалыматта БУУнун Ливияга карата курал эмбаргосу эрежелерин бузгандыгы айыпталып, тышкы аскердик кийлигишүүнүн кабыл алынгыс экендиги жана чет элдик күчтөр менен жалданма аскерлердин Ливиядан чыгышы керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар