БУУ, Европа Биримдиги, Африка Биримдиги жана Арап лигасынын катышуусунда жыйын өттү

Жыйындан киийн биргелешкен декларация жарыяланды.

1625478
БУУ, Европа Биримдиги, Африка Биримдиги жана Арап лигасынын катышуусунда жыйын өттү

БУУ, Европа Биримдиги, Африка Биримдиги жана Арап лигасынын катышуусу менен өткөрүлгөн виртуалдык Ливия жыйынынан кийин биргелешкен декларация  жарыяланды.

Ливиядагы кризисти чечүү тууралуу белгиленген негизги баскычтан улам ыраазычылык билдирилген декларацияда Ливиянын Президенттик Кеңеши, Улуттук Биримдик Өкмөтү жана башка мекемелерге толук колдоо берилгендиги билдирилди.

Ливияда 24 -  декабрда өткөрүлүшү пландалган шайлоонун жалпы мыйзамдык негизге негизделүү менен өткөрүлүшү  керектигине көңүл бурулуп, шайлоонун «кенен, ачык-айкын жана ишенимдүү» чөйрөдө өткөрүлүшү керектиги баса белгиленди.

Декларацияда БУУнун Ливияга карата курал эмбаргосу эрежелерин бузгандыгы айыпталып, тышкы аскердик кийлигишүүнүн кабыл алынгыс экендиги жана чет элдик күчтөр менен жалданма аскерлердин Ливиядан чыгышы керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар