Трамп: «Президент Жо Байден Кытай менен Россияны жакындаштырып жатат»

Экс-президент Дональд Трамп, Шон Ханнитинин Fox News каналындагы программасына катышып, түз эфирде күн тартибине баа берди.

1624600
Трамп: «Президент Жо Байден Кытай менен Россияны жакындаштырып жатат»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурунку президенти Дональд Трамп президент Жо Байден Кытай менен Россияны жакындаштырып жатат жана бул АКШ үчүн «боло турган эң жаман нерсе» деп ырастады.

Экс-президент Трамп, Шон Ханнитинин Fox News каналындагы программасына катышып, түз эфирде күн тартибине баа берди.

Трамп президент болуп турганда Россиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жакшы мамиледе болгонун жана өз аймагындагы күчтүү лидерлер менен түшүнүшүүнүн АКШ үчүн жакшы нерсе экендигин билдирди.

Трамп Байден бийлигинин Орусияга карата саясатын сынга алып, «Россияны Кытайдын колуна өтүүгө түртүүнүн ордуна, биз Россия менен мамиле түзүп, алар менен бизнес жүргүзүшүбүз керек. Сиз жасай турган эң жаман нерсе - Кытай менен Россияны жакындатуу болот. Алар ушул тапта чогуу турушат»,деген серебин салды.

Жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы башталганга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жакшы мамиледе болгонун белгилеген Трамп, алардын Кытай менен түзгөн соода келишимдери америкалык өндүрүүчүлөр үчүн абдан жакшы болгонун белгиледи.

Жакында АКШнын түштүк чек арасында мыйзамсыз иммигранттардын көбөйүшүнө Байдендин администрациясын күнөөлүү деп эсептеген Трамп, Байдендин иш-аракеттери өлкөгө чоң зыян келтирди деген жүйө келтирди.

Трамп чек арадагы кырдаал боюнча «Коркунучтуу окуялар болуп жатат; алар биздин өлкөнү талкалап жатышат. Адамдар бул жакка агылып жатышат, буга чейин мындай деңгээлде мындай нерсе болгон эмес»,деген сөздөр менен сынга алды.



Тектеш кабарлар