Египет Газа чек арасындагы тоннелдерди кулатты
Армиядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Чек ара коргоочулары өткөн айда өлкөнүн Газа чек арасында 5 тоннелди аныктаган.
Египет армиясы өткөн айда Газа чек арасындагы 5 тоннелди кулатты.
Армиядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Чек ара коргоочулары өткөн айда өлкөнүн Газа чек арасында 5 тоннелди аныктаган.
Маалыматта бул тоннелдердин кулатылгандыгы белгиленип, өзгөчө март айында түрдүү улуттардан 2 750 мыйзамсыз мигранттын мыйзам тышы миграция жана өлкөгө кирүү аракеттеринин алдына алынгандыгы билдирилди.
Египет башкаруусу 2020 -жылдын апрель айынан бери өлкөсүнүн Израильблокадасы астындагы Газа тилкесинин түндүк чыгыш чек арасына «террордук элементтердин киришин токтотуу; курал жана ок- дарылардын аткезчилик менен ташылышына жол бербөө» үчүн буфердик аймак түзүүдө.
Египет географиялык абалынан уламГреция, Италия жана Франция жана башка айрым Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграцияда бир өткөөл өлкө катары колдонулууда.