Африкада тамак - аш көйгөйү
Африкада 100 миллиондон ашуун кишинин «апаат деңгээлиде» таамк - аш көйгөйү менен бетме - бет экендиги билдирилди.
Африкада 100 миллиондон ашуун кишинин «апаат деңгээлиде» таамк - аш көйгөйү менен бетме - бет экендиги билдирилди.
Эл аралык Кызылай жана Кызыл Крест коомдору федерациясынын отчетуна караганда материкте жүргүзүлүп жаткан иштер, коопсуздук маселелери, чегирткелер, климаттык өзгөрүүлөр, селдер жана экономикалык кыйынчылыктар тамак - аш кризисин арттырган элементтердин арасында.
Африкада 100 миллиондон ашуун кишинин тамак - аш кризиси менен бетме - бет экендигин белгилеген Эл аралык кызылай жана Кызыл Крест коомдору федерациясы Ковид - 19 эпидемиясынын да бир топ өлкөдө бул көйгөйдү күчөткөндүгүн белгиледи.
Тамак - аш кризиси менен бетме - бет келген өлкөлөрдүн арасында Түштүк Судан, Сомали, Эфиопиянын Тиграй аймагы, Чад чөлү, Буркина Фасо, Мали менен Нигер көрсөтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.