Европада Ковид-19

Европада Ковид-19дан каза болгондордун саны 1 миллиондон ашты.

1622094
Европада Ковид-19

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча директору Ханс Клюге Европада Ковид-19дан каза болгондордун саны өткөн жумада 1 миллиондон ашканын белгилеп: «Аймагыбызда кырдаал оор. Жума сайын 1,6 миллион жаңы учур катталууда. Башкача айтканда саатына 9500, мүнөтүнө 160 адам» деп эскертти.

Клюге Грециянын саламаттык сактоо министри Василис Кикилиастын катышуусунда видеоконференция аркылуу пресс-конференция өткөрдү.

Европада ушул кезге чейин 171 миллион дозадан турган 7 Ковид-19 вакцинасы жана каражаттары колдонулгандыгын айткан Клюге, Европа калкынын болжол менен 13 пайызы 1 доза, 6 пайызы да эки доза вакцина алгандыгын айтты.

Клюге аймакта 80 жаштан ашкан адамдарда Ковид-19 өлүмүнүн февраль айынан бери акырындык менен азайып, пандемия башталгандан берки эң төмөнкү көрсөткүч болгон 30 пайызга чейин кыскарганын билдирди.



Тектеш кабарлар