Жибутиде президенттик шайлоо болду

Чыгыш Африкада Жибутидеги президенттик шайлоодо учурдагы президент жана башкаруучу Прогресс Элдик Кыймылынын (РПП) лидери Исмаил Омар Киле  жеңишке жетишти.

1618482
Жибутиде президенттик шайлоо болду

Чыгыш Африкада Жибутидеги президенттик шайлоодо учурдагы президент жана башкаруучу Прогресс Элдик Кыймылынын (РПП) лидери Исмаил Омар Киле  жеңишке жетишти.

Кечээ Жибутиде өткөн шайлоонун биринчи айлампасына болжол менен 215 миң шайлоочу катышты.

Эркин жана ачык болбоду деген негиз менен оппозиция бойкот кылган шайлоодо 73 жаштагы азыркы президент Киле менен коомчулукта анча белгилүү болбогон ишкер, көз карандысыз талапкер Зекерия Исмаил Фарах жарышты.

Ички иштер министри Мүмин Ахмед Шейх коомдук телекөрсөтүү компаниясы РТДге берген билдирүүсүндө расмий болбогон жыйынтыктарга караганда Киленин добуштардын 98. 58 пайызын алып кайрадан шайлангандыгын билдирди.

Исмаил Өмер Киле 167 537 добуш, бир гана атаандашы болгон Фарах болсо 5000ден аз добуш алды. Бул жыйынтык менен учурдагы президент Киле 1999, 2005, 2011  жана 2016 -  жылдан кийин бири биринин артынан 5 – жолу президент болуп шайланды.

Шайлоонун жеңүүчүсү, президент Исмаил Өмер Киле  твиттер баракчасында билдирүү жарыялап : «Ишенимиңиздер үчүн рахмат. Жибутиге рахмат. Бирдикте жолубузду уланталы»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар