Индонезия менен Японияда жер титирөө болду

Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында 6 баллдык жер титирөө болду.

1618627
Индонезия менен Японияда жер титирөө болду

Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында 6 баллдык жер титирөө болду.

Американын Геологиялык изилдөө борбору (USGS) 6 баллдык жер титирөөнүн эпицентри Гонгданбелги Кулондон 44 чакырым түштүк-батышында болгонун жарыялады.

Жердин 82,3 чакырым астында болгону катталган жер титирөөдө, алгачкы аныктамалар боюнча каза болгондор жана жаракат алгандар жок деп жарыяланды.

Индонезиянын метеорологиялык, климаттык жана геофизикалык башкармалыгы (BMKG) берген маалыматта  жер титирөөнүн күчү 6,7 баллга жеткени билдирилди.

Ошондой эле Япониянын түштүк-батышындагы Кагосима штатына жакын Токара аралдарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Япониянын Метеорология агенттигинин (JMA) билдирүүсүнө ылайык, Токара аралдарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.36да 20 чакырым тереңдикте жер титирөө катталды.

Япониянын Метеорология агенттиги 5 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами жөнүндө эскертүү берген жок.

Ушул эле аймакта бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 07де да 5,2 баллдык жер титирөө болду.

 



Тектеш кабарлар