АКШда 15 миллион доза Ковид-19 вакцинасы текке кетти

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы буга байланыштуу териштирүү баштады.

1612578
АКШда 15 миллион доза Ковид-19 вакцинасы текке кетти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Балтимор шаарында фармацевтикалык Johnson & Johnson компаниясы чыгарган коронавирустук (Kovid-19) вакцинанын 15 миллион дозасы, өндүрүштүк ишканада компоненттер алмашып кеткендиктен жарабай калды.

«New York Times» гезити билдиргендей, Балтимордо Johnson & Johnson жана AstraZeneca вакциналары өндүрүлгөн ишканада, Johnson & Johnsonдун Kovid-19 вакцинасынын компоненттеринин алмашып кетишинен улам миллиондогон доза вакцинанын таратылышы токтоп калды.

Ушул себептен болжол менен 15 миллион доза вакцина текке кетти. Ал эми АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) буга байланыштуу териштирүү баштады.

Johnson & Johnson компаниясынын Ковид-19 вакцинасынын бир дозасы өлкөдө эмдөө процессин тездетет деп күтүлгөн эле.



Тектеш кабарлар