Отаке жанар тоосу жанданды

Вулкандын оозунан чачыраган таштын сыныктары 1 чакырым алыстыкка жайылды.

1611691
Отаке жанар тоосу жанданды

Япониянын Кагосима аймагына караштуу Суваноз аралындагы Отаке жанар тоосунда атылуу болду.

Япониянын Метеорология агенттигинин (JMA) маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 02.57де болгон жарылуудан кийин вулкандын оозунан чачыраган таштын сыныктары 1 чакырым алыстыкка жайылды.

Киодо агенттигинин жергиликтүү жетекчилерге таянып берген кабарына караганда, жанар тоонун айланасындагы турак жайларда адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

JMA вулкандык активдүүлүктүн эскертүү деңгээлинин 3-деңгээлге көтөрүлгөнүн кабарлады, бул "эл жанар тоого жакындабашы керек" деген сунушту билдирет.

Ыктымалдуу жаңы жарылуулардан улам жанар тоонун оозунан чачыраган таштын сыныктары 2 чакырым аралыкка жайылышы мүмкүн экени эскертилди.

Вулкандык Суваноз аралы, Япониянын Кагосима аймагынан 230 чакырым түштүктө жайгашкан.



Тектеш кабарлар