Рухани: «Жеке секторго вакциналарды сатып алууга уруксат берилди»

Рухани борбор шаар Тегеранда эпидемияга байланыштуу билдирүү жасады.

1609546
Рухани: «Жеке секторго вакциналарды сатып алууга уруксат берилди»

Ирандын президенти Хасан Рухани коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштө АКШнын киргизген санкцияларынан келип чыккан кыйынчылыктарга токтолуп, вакцина сатып алуу темасында жеке секторго уруксат берилгенин жарыялады.

Рухани борбор шаар Тегеранда өзү жетектеген Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында эпидемияга байланыштуу билдирүү жасады.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын мезгилинде колдонула баштаган санкциялардын чет өлкөдөн вакцина алуусуна тоскоол болуп жаткандыгын белгилеген Рухани: «Вакциналарга буюртма берилген өлкөлөр дагы деле АКШнын санкцияларынан коркуп жатышат. Трамп кетти, бирок анын терс таасири биздин коомчулугубузда ушундай эле түрдө уланып жатат. Бүгүнкү күндө биз жеке сектордун да кааласа саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлү астында вакциналарды алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга жол ачтык», деди.

АКШнын санкцияларынан улам вакциналарды чет өлкөдөн сатып алууда кыйынчылыктарга туш болгон Иран, бул көйгөйдү жакын мамиледе болгон Кытай, Россия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн вакциналарды сатып алуу менен чечүүгө аракет кылууда. 



Тектеш кабарлар