Израилде парламенттик шайлоо өтүп жатат

Өлкөдөгү 6,3 миллиондон ашык шайлоочу 37 партия жарышкан 120 орундуу парламентке өтүүчү депутаттарды аныктоо үчүн добуш берүүдө.

1606475
Израилде парламенттик шайлоо өтүп жатат

Израилдеги шайлоочулар акыркы 2 жылда төртүнчү жолу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо добуш бере башташты.

Өлкөдөгү 6,3 миллиондон ашык шайлоочу 37 партия жарышкан 120 орундуу парламентке өтүүчү депутаттарды аныктоо үчүн добуш берүүдө.

Жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу кошумча чаралар көрүлгөн шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 00дө башталган добуш берүү процесси саат 22: 00гө чейин уланат.

Шайлоодо алдын ала жыйынтыктар эртең жарыяланат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар