Асад режими оорукананы бомбалады

Бул ооруканада, 400 миң жаранга саламаттык сактоо кызматы көрсөтүлгөндүгү жана ай сайын 6-7 миң жарандын дарылангандыгы билдирилди.

1606538
Асад режими оорукананы бомбалады

Сириядагы Башар Асад режими жана анын колдоочусу Ирандын көзөмөлүндөгү террордук топтордун, Халептин батышындагы Этариб районунда бутага алган оорукананын иштебей калышы менен 400 миңдей жаран саламаттык сактоо кызматынан пайдалана албай калышты.

Этариб ооруканасынын директору Өмер Халлак, режим күчтөрүнүн ооруканага артиллериялык куралдар менен бир канча жолу кол салгандарын айтты.

Күтүлбөгөн жерден бомбалоого дуушар болушканын айткан Халлак: «Генератор бөлмөсү, тез жардам бөлүмү, төрөт бөлмөсү жана көптөгөн клиникалар жараксыз абалга келди»,- деди.

Өмер Халлак бул ооруканада, Этариб жана анын айланасында жашаган 400 миң жаранга саламаттык сактоо кызматы көрсөтүлгөндүгүн жана ай сайын 6-7 миң жарандын дарылангандыгын билдирди.

Режим күчтөрүнүн 2021-жылы 21-мартта Эль Этариб районундагы ооруканага кол салуусунда 7 жаран каза болуп, 5и медицина кызматкеринен турган 15 жаран жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар