Пакистандын премьер-министри Ковид-19га чалдыкты

Имран Хан 18-мартта Sinopharm компаниясынын Kovid-19 вакцинасы менен эмделген болчу.

1605081
Пакистандын премьер-министри Ковид-19га чалдыкты

Пакистандын премьер-министри Имран Хан коронавируска (Ковид-19) чалдыкты.

Имран Хандын саламаттык сактоо боюнча кеңешчиси др. Файсал Султан Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Хандын Ковид-19 тестинен вирус табылгандыгын жана өз үйүндө карантинге алынгандыгын айтты.

Хан 18-мартта Sinopharm компаниясынын Kovid-19 вакцинасы менен эмделген болчу.



Тектеш кабарлар