Кытай Тесла брендиндеги унаалардын аскердик мекемелерине киришине тыюу салды

Кытайдын куралдуу күчтөрү бул унааларга тыюу салды.

1604966
Кытай Тесла брендиндеги унаалардын аскердик мекемелерине киришине тыюу салды

Кытай армиясы, коопсуздук максатында америкалык электромобилдерди чыгаруучу Тесла брендиндеги автоунаалардын аскердик имараттарга жана турак жайларга киришине тыюу салды.

Bloombergдин маалыматына караганда, Кытайдын куралдуу күчтөрү Тесланын унааларындагы ар тараптуу камералар менен аскердик жайлардан "купуя маалыматтар" чогултулуп кетиши мүмкүн деп коркуп, бул унааларга тыюу салды.

Аскер кызматкерлерине жиберилген буйрукта "Тесланын унааларындагы көп багыттагы камералар жана ультрасоник сенсорлордун айрым жерлерди ачып бериши мүмкүн экендиги жана аскердик маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул унаалардын армиянын имараттарына кирүүсүнө тыюу салынганы белгиленди.

Тесла унааларынын ээлерине унааларын аскердик жайлардын тышына токтотуп туруу боюнча кеңеш берилди.

Тесланын унааларында токтотуу жана толугу менен автоматтык айдоо тутумуна жардам берүү үчүн унаанын ичинде жана сыртында бир нече камералар бар.



Тектеш кабарлар