Мьянмада болгон козголоң кыймылына каршы митингдер

Мьянмада аскердик козголоңго каршы митингдерде 1 -  февралдан тарта каза болгондордун саны 148га жетти.

1602886
Мьянмада болгон  козголоң кыймылына каршы  митингдер

Мьянмада аскердик козголоңго каршы митингдерде 1 -  февралдан тарта каза болгондордун саны 148га жетти.

БУУнун башкы катчысынын пресс  - катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк пресс – брифингинде Мьянмада болгон козголоңдон кийин 2 000ден ашуун кишинин камоого алынгандыгын айтты.

Мьянмадан кыйноо жана мыйзам тышы камоо сыяктуу тынчсыздантуучу кабарлардын келгендигин белгилеген Дужаррик 1 -  февралдан бери козголоңго каршы митингдерде каза болгондордун саны 149га жеткендигин билдирди.

Дужаррик Мьянма армиясынын митингчилерге карата зомбулуктун «коркунучтуу» экендигин баса белгилеп, эл аралык коомчулукка Мьянмада демократияны кайрадан куруу чакырыгын кайталады.

Мьянма армиясы  өзүнө жакын саясий топтордун 2020 -  жылы 8 -  ноябрда болгон шайлоодо көз боёмочулук болду деген ырастоолорду ортого салышы менен өлкөдө саясий чыңалуу жогорулап, 1 -  февралда башкарууну колго алган.

Мьянмалыктар 6 -  февралда демократияга кайтуу талабы менен митингдерди баштаган.



Тектеш кабарлар