Иранда "Шаршемби Сури" майрамы учурунда 8 адам каза болду

Чукул жардам агенттигинин башчысы Пир Хусейин Куливенд, Нооруз майрамына чейин белгиленүүчү "Шаршемби Сури" жөнүндө маалымат берди.

1602804
Иранда "Шаршемби Сури" майрамы учурунда 8 адам каза болду

Иранда "Шаршемби Сури" майрамы учурунда 8 адам каза болуп, 900 адам жаракат алды.

Чукул жардам агенттигинин башчысы Пир Хусейин Куливенд, Нооруз майрамына чейин белгиленүүчү "Шаршемби Сури" жөнүндө маалымат берди.

Майрамдык салтанаттарда 8 кишинин каза болгонун жана 900 кишинин жаракат алгандыгын айткан Куливенд, 72 адамдын буту-колунан ажырагандыгын, 234 адамдын денесинен күйүк алганын жана 300 адамдын да көзүнөн жаракат алгандыгын билдирди.

Өткөн жылы өлкөдө "Шаршемби Сури" майрамында үч адам каза болуп, 1403 адам жаракат алган болчу.

Иранда Нооруз майрамынын алдындагы жылдын акыркы шаршемби күнү кечинде өткөрүлгөн "Шаршемби Сури" майрамында өзгөчө балдар жана жаштар оттун үстүнөн секирип, фейерверк атышат.

Бул майрамдар жыл сайын Иранда көптөгөн адамдардын өлүмүнө же жаракат алышына алып келет.

Хижри Шамси календары колдонулган Иранда жаңы жыл (Нооруз) 21-мартта башталат.



Тектеш кабарлар