Байдендин иммигранттарга билдирүүсү:«Бул жакка келбегиле»,

Байден Пенсильвания штатына болгон сапарында ABC News каналынын алып баруучусу Жорж Стефанопулос менен маектешти.

1602820
Байдендин иммигранттарга билдирүүсү:«Бул жакка келбегиле»,

Америка Кошмо Штаттарынын президенти (АКШ) Жо Байден, Мексика чек арасындагы мыйзамсыз иммигранттардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, «Мен иммигранттарга мындай билдирүүнү так айта алам: бул жакка келбе. Шаарыңдан, шаарчаңдан же коомчулугуңдан чыкпа»,-деди.

Байден Пенсильвания штатына болгон сапарында ABC News каналынын алып баруучусу Жорж Стефанопулос менен маектешти.

Байден, өлкөгө келген мыйзамсыз иммигранттардын көпчүлүгүн артка кайтаргандарын айтканда, Стефанопулос:«Иммигранттардын кесишинин көбөйүшүн күтпөгөнүбүз ката болду беле?» - деп сурады.

Байден бул суроого, «Биринчиден, акыркы 2 жылда 2019 жана 2020-жылдары өсүш болгонун билишиңиз керек»,- деп  жооп берди.

Стефанопулостун Мексиканын чек арасындагы абалдын начарлашы мүмкүн экендиги жөнүндө суроосуна Байден: «Ооба, ошондой болушу мүмкүн»,-деп жооп берди.

Ал ортодо Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомого каршы жасалган куугунтукка байланыштуу акыркы айыптоолорго токтолгон Стефанопулостун: «Сиз Куомого каршы тергөө ишинин улантылышын каалаганыңызды билемин. Эгерде Куомо ушул тергөөнүн аягында күнөөлүү деп табылса, анда ал кызматтан кетиши керек деп ойлойсузбу?» деген суроосуна  Байден: «Ооба, кетиши керек. Менин оюмча, бул иштин аягында Куомону соттошот»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар