АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп эмдөөдөн өтүүгө үндөдү

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Ковид  - 19га каршы иштелип чыккан вакцинанын коопсуз экендигин белгилеп, баарын эмдөөдөн өтүүгө үндөдү.

1602928
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп эмдөөдөн өтүүгө үндөдү

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Ковид  - 19га каршы иштелип чыккан вакцинанын коопсуз экендигин белгилеп, баарын эмдөөдөн өтүүгө үндөдү.

Президенттик кызматта турган кезде Ковид  - 19 эпидемиясына каршы жетеринче чара  көрбөгөндүк менен сынга кабылган Трамп Fox News каналына берген маегинде эпидемияны жана вакцина иштери тууралуу билдирди.

Трамп : «Эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылам, туурасын айта турган болсок көпчүлүгү мага добуш берди бирок эмдөөдөн өтүүнү  каалабаган бир топ кишиге  эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылам»,- деди.

Ар бир кишинин эмдөөдөн өтүп же өтпөшү тууралуу эркин экендигин белгилеген Трамп Ковид  - 19  вакциналарынын коопсуз жана  ишке жарактуу экендигин айтты.

Бир тараптан 2020 -  жылы 3 -  ноябрда болгон президенттик шайлоодо демократтардын көз боёмочулук кылгандыгын жана  соттордун буга каршы эч нерсе кылбагандыгын жактаган Трамп шайлоо жыйынтыктары тууралуу айткандарын кайталады.

Трамп өзгөчө Латын Америка өлкөлөрүнөн АКШга көп санда келген мигранттардын «өлкөнү кыйратарын» жактады жана бул миграцияны токтотуу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар