Йеменде митингчилер Өкмөт сарайына киришти

Йеменде кымбатчылыкка каршы чыккан миңдеген митингчи убактылуу борбор шаар Аденде өкмөттүн башкаруу борбору Меашык сарайына кирди.

1602308
Йеменде митингчилер Өкмөт сарайына киришти

Йеменде кымбатчылыкка каршы чыккан миңдеген митингчи убактылуу борбор шаар Аденде өкмөттүн башкаруу борбору Меашык сарайына кирди.

Митингчилер жергиликтүү акча бирдигинин арзандашына, коомдук тейлөөнүн жетишсиз жана турмуш шарттарынын начардыгына нааразычылык билдиришти.

Жергиликтүү маалымат булактары ачууланган митингчилердин сарайдын коргоочуларынын каршылыгына учурабастан Меашык сарайына киргендигин билдиришти. Митингчилер министрлер жайгаштырылган атайын бөлүмдөргө киргендиги бирок сарайда жетекчилердин бар же жок экендиги тууралуу маалымат берилген жок.

Йеменде 2020 -  жылы 18 -  декабрда башкаруу менен Бириккен Арап Эмираттары тарабынан колдоого алынган жикчил Түштүк Өткөөл Кеңешинин ортосунда кол коюлган Рияд келишиминин негизинде Муин Абдулмеликтин жетекчилигинде 24 министрден турган жаңы өкмөт курулган.



Тектеш кабарлар