Жо Байден : "Эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагы келечек үчүн маанилүү"
Байден , "Quad өлкөлөрү" деп мүнөздөгөн Индиянын премьер - министри Нарендра Муди, Австралиянын премьер - министри Скот Морисон жана Япониянын премьер - министри Суга Йошихида менен онлайн жыйын өткөрдү.
1600571
АКШнын президенти Жо Байден "Эркин жана ачык Индо-Тынч океан" аймагынын келечек үчүн эң чоң мааниге ээ экендигин айты.
Байден , "Quad өлкөлөрү" деп мүнөздөгөн Индиянын премьер - министри Нарендра Муди, Австралиянын премьер - министри Скот Морисон жана Япониянын премьер - министри Суга Йошихида менен онлайн жыйын өткөрдү.
Жыйындын башында сөз сүйлөгөн Байден : "Эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагы биздин келечегибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ. АКШ туруктуулукка жетүү үчүн сиз, аймактагы өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен иштешүүгө даяр",- деди.
Байден бул төрт кишиден турган топтун иштеринин жакынкы жылдары аймакта абдан маанилүү болорун баса белгиледи.