БУУнун Коопсуздук Кеңеши Мьянманы биринчи жолу айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши армияны тынчтанууга чакырды.

1599156
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Мьянманы биринчи жолу айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, Мьянмада төңкөрүштөн кийин демонстранттарга каршы зордук-зомбулукту биринчи жолу айыптап, армияны тынчтанууга чакырды.

Мьянмада армия бийликти басып алгандан кийин, буга чейин бир гана өлкөдөгү окуялардын тынчсыздандыруу жараткандыгын билдирген, бирок төңкөрүштү айыптоо темасында макулдаша албаган БУУнун Коопсуздук Кеңеши бул ирет демонстранттарга каршы зомбулукту айыптоого макул болду.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин биргелешкен билдирүүсүндө, төңкөрүшкө каршы митингдерде демонстранттарга жасалган зомбулук биринчи жолу айыпталып, армия тынчтанууга чакырылды.

Төңкөрүштүн айыпталышы болсо Кытай менен Орусиянын каршы пикирлери боюнча билдирүүгө киргизилген жок.

15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңеши ошондой эле Мьянмадагы демократиялык өткөөлдү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адам укуктарын сыйлоо жана зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырды.



Тектеш кабарлар