Чилиде өкмөткө каршы митинг болду
Митингде 35 киши камоого алынды.
Чилиде болгон жана кээ кээде зомбулук окуялары да болгон өкмөткө каршы митингдерде 35 киши камоого алынды.
Чили басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда борбор шаар Сантьягодо 2 жылдан бери кээ кээде күч алуу менен болуп келе жаткан митингдерде митингчилердин негизги чогулуучу жери болгон Италия аянты деп да аталган Бакуедано аянтында жүздөгөн киши мамлекет башчысы Себастьян Пинера өктөмүнө нааразычылык билдиришти.
Кечээ түштөн кийин башталган митингдер кечки сааттарда катуулашып, коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин арасында кагылышуулар болду. Митингчилер аянттагы чилилик аскер жана саясатчы генерал Мануэль Бакуденонун айкелин өрттөштү.
Полиция транспорттун жолуна тоскоол болгон митингчилерге кийлигишип 35 кишини камоого алды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.