Сириянын Идлиб аймагына кайткан жарандар

Сирияда миграция маалыматтарына байланыштуу иликтөө жүргүзгөн Сирия кийлигишүү координаторлугунун директору Мухаммед Халлаж маалымат берди.

1595828
Сириянын Идлиб аймагына кайткан жарандар

Сирияда Идлиб араздашууну азайтуу аймагында Түркия менен Россиянын ортосунда 2020  -  жылы 5 -  мартта кол коюлуп бир күндөн кийин күчүнө кирген ок атышпоодон бери өткөн бир жылда 282 544 жаран үйлөрүнө кайтты.

Сирияда миграция маалыматтарына байланыштуу иликтөө жүргүзгөн Сирия кийлигишүү координаторлугунун директору Мухаммед Халлаж маалымат берди.

Ок атышпоолордон кийин Башар Асад режими жана колдоочуларынын аскердик операцияларынын токтошу менен жарандардын жашаган аймактарына  кайтып келгендигин белгилеген Халлаж : «Ок атышпоодон кийин өткөн бир жылдын ичинде 56 308ге жакын үй – бүлөдөн турган 282 544 жаран Идлиб жана Халептеги элет жерлерине кайтып келишти»,- деди.

Халлаж үйлөрүнө кайткандардын азыр да жарандык коом мекемелеринин жардамдарына муктаж экендигин белгилеп, жарандардын кайтып барган жерлеринде жарылбаган бомба калдыктарына да көңүл буруулары керектиги боюнча эскертти.

Ок атышпоонун улантылышы менен дагы көп жарандын үйүнө кайтышы күтүлүп жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Халлаж үйлөрү Асад режими колго алган аймактарда болгон жарандардын кайтуусунун мүмкүн эмес экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар