Асад режими Идлибге кол салды

Кол саууда 2 жаран каза болуп, 2 жаран жаракат алды.

1595909
Асад режими  Идлибге кол салды

 Сирияда Башар Асад режими жана колдоочусу Ирандын көзөмөлүндөгү террордук топтор Идлибдеги кагылышууларды азайтуу аймагындагы ок атышпоо  эрежесин бузуп, жарандык отурукташуу жерлерине жасаган кол салууларында 2 жаран каза болуп, 2 жаран жаракат алды.  

Идлибдин түштүк батышындагы Кефренбил шаарчасында жайгашкан Асад режиминин армиясы жана Иран колдогон чет өлкөлүк террордук топтордон турган режим күчтөрү Идлибдин түштүгүндөгү M4 унаа жолуна жакын Бизебур айылына кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салды.

Кол салууларда 2 жаран каза болуп, жараланган 2 жаран айланадагы ооруканаларга алып барылды.

Түркия менен Россиянын ортосунда 5 -  мартта Москвада ок атышпоо меморандумуна кол коюлган. Кээ кээде режим күчтөрү бузган ок атышпоо эрежелери көпчүлүк учурда сакталууда. 2017 – 2020 -  жылдары 2 миллионго жакын жаран Россия жана режим күчтөрүнүн кол салууларында Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө мажбур болушкан.



Тектеш кабарлар