Уюлдук телефондун жаштарга тийгизген таасири

21 жашка чейинки курактагылардын көз карандылыгы 42 пайыз; ал эми 22-25 жаштагылар үчүн 34 пайыз деп аныкталды.

1594314
Уюлдук телефондун жаштарга тийгизген таасири

Ар бир 10 жаштын 4ү уюлдук телефонсуз жашай албайт.

Изилдөөнү Британиянын Лондон шаарындагы Кингс Колледжи жүргүздү.

Изилдөөдө окуучулардын уюлдук телефону жок качан тынчсызданып жана стресс боло баштагандары менен уюлдук телефонду колдонуп жатканда айлана-чөйрөдөн канчалык алыстап кеткендиги өлчөндү.

Ага ылайык уюлдук телефондорун күнүнө 4 сааттан же андан ашык убакытка чейин колдонгон адамдар, бул шаймандарга көз каранды болуу коркунучунда турат.

21 жашка чейинки курактагылардын көз карандылыгы 42 пайыз; ал эми 22-25 жаштагылар үчүн 34 пайыз деп аныкталды.

Азия жана Африка тектүүлөрдүн көз карандылык деңгээли актарга караганда дагы да жогору.

Ошондой эле уюлдук телефонго болгон көз карандылык менен уйкусуздуктун ортосунда тынчсыздандыруучу байланыш бар. Көз каранды болгон окуучулардын 68 пайызында уйку көйгөйү бар.

Өзгөчө кечинде уктаар алдында уюлдук телефонду колдонуу уйку режимине олуттуу терс таасир этет.

Адистердин айтымында, тартиптүү уйку өзгөчө жаш муундардын физикалык жана психикалык ден-соолугу үчүн абдан маанилүү.

Адистер уктаганга чейин уюлдук телефонду колдонууну чектеп, телефонду башка бөлмөгө кубаттап коюуну сунушташат.



Тектеш кабарлар