Сомалиде күндө бир маал гана тамак желет
Август айына чейин 5 жашка чейинки 850 000 баланын жетерсиз азыктануу менен бетме - бет келиши мүмкүн экендиги да билдирилди.
Сомалиде Ковид - 19дун экономикага тийгизген таасиринен улам күндө бир гана бир маал тамактанышууда.
БУУнун гуманитардык жардамдар боюнча координация кеңсеси OCHA Ковид - 19 эпидемиясынын экономикасына тескери таасир тийгизиши менен Сомалиде үйлөрдө бир күндө бир маал гана тамак желгендигин билдирди.
OCHAнын твиттерден берген билдирүүсүндө : «Сомалидеги тамак - аш кризиси үй - бүлөлөр бир маал гана тамак жейт деген мааниге келүүдө»,- деп маалымдалды.
Билдирүүдө август айына чейин 5 жашка чейинки 850 000 баланын жетерсиз азыктануу менен бетме - бет келиши мүмкүн экендиги да билдирилди.
Өлкөдө 2020 - жылы 1, 3 миллион киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болуп, бул жылы да 3, 1 миллион кишиге гуманитардык жардамдын жеткирилиши максат кылынууда. Сомали өкмөтү жана БУУнун билдиргенине караганда бул жылы өлкөдөгү гуманитардык жардам иштери үчүн 1 миллиард доллар керек.