Боливияда автобус кырсыгы: 21 адам каза болду

Жетекчилер кырсыктан кеминде 21 адам каза болуп, 20 адам жаракат алганын билдиришти.

1593909
Боливияда автобус кырсыгы: 21 адам каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Боливияда жүргүнчү ташыган автобустун жарга кулап кетишинен 21 адам каза болуп, 20 адам жаракат алды.

Боливиянын басма сөзүндөгү жаңылыктарга караганда, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Кочабамба шаарынан Санта-Крузга бараткан автобус, Каломи кыштагында айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан 150 метрдик жарга кулап кетти.

Жетекчилер кырсыктан кеминде 21 адам каза болуп, 20 адамдын да жаракат алганын билдиришти.



Тектеш кабарлар