Афганистан медиа мекемесинде иштеген 3 аялдын өлүмүнөн Талибандын жооптуу экендигин билдирди

2020 -жылы декабрь айында да ошол эле телекөрсөтүү каналында иштеген журналист Малалаи Мейванд куралдуу кол салууга учурап каза болгон.

1594263
Афганистан  медиа мекемесинде иштеген 3 аялдын өлүмүнөн Талибандын жооптуу экендигин билдирди

Афганистан өкмөтү Нангархар аймагында кечээ менчик телекөрсөтүүдө иштеген 3 аялдын өлүмүнөн Талибандын жооптуу экендигин айтты.

Афганистандын президенти Эшреф Гани берген маалыматында Талибандын мындай кол салууларды ишке ашырып, республиканы коргоо үчүн чыгып жаткан үндөрдү өчүрүүгө аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

Нангархар коопсуздук боюнча жетекчилери да кол салууну ишке ашырган 3 кишинин кармалгандыгын жана тергөөгө алынгандан кийинкол салуунун Талибандын жасагандыгы боюнча жыйынтыкка барышкандарын билдирди.

Талибандын катчысы Забихуллах Мүжахит болсо кол салуу менен байланыштарынын жок экендигин ортого салды.

ДЕАШ террордук уюму берген маалыматында афган өкмөтүн жактаган медиа мекемесинде иштеген үч аялды өздөрүнүн өлтүрүшкөндөрүн маалымдады.

2020 -жылы декабрь айында да ошол эле телекөрсөтүү каналында иштеген журналист Малалаи Мейванд куралдуу кол салууга учурап каза болгон.



Тектеш кабарлар