Афганистанда медиа кызмакери 3 аялды атып кетишти

Окуя боюнча тергөө иштери башталды.

1593729
Афганистанда медиа кызмакери 3 аялды атып кетишти

Афганистандын Жалалабад шаарында Enikass телеканалынын кызматкерлери болгон 3 аялды мылтык менен атып кетишти.

Телеканалдын директору Залмай Латифинин айтымында, кызматкерлер кеңседен үйүнө кетип бара жатып, эки башка кол салуудан каза болушкан.

Нангархар райондук ооруканасы дагы аялдардын өлүмүн тастыктады.

Окуя боюнча тергөө иштери баштатылып,  кол салууну азырынча эч ким моюна ала элек.  



Тектеш кабарлар