Залмай Халилзад Афганистан менен Катарга барат

АКШнын Афгнаистан боюнча өкүлү Залмай Халилзад Талибандын өкүлдөрү жана афган лидерлер менен жолугушат.

1592690
Залмай Халилзад Афганистан менен Катарга барат

АКШнын  Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Афганистан менен Катарга барат.

Халилзад Талибандын өкүлдөрү жана афган лидерлер менен жолугушат.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Залмай Халилзад менен тобунун Кабул жана Доха сапарларынын күнү тууралуу кенен маалымат берген жок. Министрликтин маалыматында : «Атайын өкүл туруктуу ок атышпоо жана кенен түрдөгү тынчтык үчүн афган лидерлер, Талибан өкүлдөрү жана башка тийиштүү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү улантат»,- деп билдирилди.

АКШ менен Талибандын ортосунда «Афганистанга тынчтыкты алып келүү» келишимине  2020 -  жылы 29 -  февралда Дохада кол коюлган.

АКШнын жаңы башкаруусу Афганистандагы зомбулуктун жүрүшүнө карата өлкөдөгү Америка аскерлеринин толугу менен чыкпай тугандыгы боюнча белгилерди берген.

Афганистандагы зомбулукту токтотуу максатында Катардын борбор шаары Дохада 6 -  январда башталган жана Талибан делегациясынын 26 -  январда аймак өлкөлөрүн кыдырууга  чыгышы менен токтотулган «Афгандар аралык сүйлөшүүлөрдүн» экинчи этабы  22 -  февралда кайрадан башталды.



Тектеш кабарлар