Россия твиттерди күнөөлөдү

2017-жылдан бери твиттерге өз жанын кыюуга, уят сөздөргө жана баңги заттарды колдонууга үндөгөн  мазмундарды өчүрүү үчүн 28 000 кайрылуу жөнөтүлгөнү белгиленди.

1592772
Россия твиттерди күнөөлөдү

Россия социалдык медиа сайты твиттерди  өлкөнүн мыйзамдарын атайын бузуу менен күнөөлөдү.

Россиянын федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө органы Роскомнадзордон берилген билдирүүдө 2017-жылдан бери твиттерге өз жанын кыюуга, уят сөздөргө жана баңги заттарды колдонууга үндөгөн  мазмундарды өчүрүү үчүн 28 000 кайрылуу жөнөтүлгөнү белгиленди.

Билдирилген талаптарга карабастан мыйзам тышы  3000 мазмундун твиттер тарабынан өчүрүлбөгөндүгүнө көңүл бурулган маалыматта : «Твиттер Россиянын мыйзамдарын атайын бузуп жатат»,- деп билдирилди.

Россиянын мыйзамдары боюнча твиттерге тыюу салынган материалдарды өчүрбөгөндүгү үчүн 800 000 8 миллион рублга чейин айып салынышы мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар