Антарктикада муз мөңгүсү ажырады

Антарктиканын батыш тарабындагы Брунт мөңгүсүнөн 1270 чарчы чакырымга созулган муз тоосунун ажырагандыгы билдирилди.

1591869
Антарктикада муз мөңгүсү ажырады

Антарктиканын батыш тарабындагы Брунт мөңгүсүнөн 1270 чарчы чакырымга жакын муз тоосунун ажырагандыгы билдирилди.

Space.com веб сайтындагы жаңылыктарга караганда, 2020 - жылы ноябрь айында муз шельфинин түндүк бөлүгүндө пайда болгон жарака чоңоюп ажыроого чейин келген. Британиянын Антарктика Изилдөө Фонду BAS январь айында күнүнө болжол менен 1 чакырымга кеңейген жараканын 1270 чарчы чакырымдык массанын эртең мененки саатта ажырашына себеп болгонун билдирди.

Изилдөөчүлөр Манхэттен аралынан 20 эсе чоңдуктагы массанын сүрүлүп жээктен алысташы мүмкүн экендигин же ордунда калышы мүмкүн экендигин белгилешти.

Ажыроонун табигый процесстин бир бөлүгү экендигин айткан адистер климаттын глобалдык алмашуудан улам пайда болгон температуранын өзгөрүшүнүн таасири жөнүндө тыянакка келүү үчүн кенен түрдө изилдөө жүргүзүлүшү керектигин айтышты.

Калыңдыгы 150 метр болгон Брунт муз мөңгүсү жыл сайын Антарктиканын жээгинде батышка карай 2 чакырым аралыкты көздөй жылып баратат. Бул кыймылдын натыйжасында аймакта муз тоолору жана ири муз массалары пайда болууда.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар