Жо Байдендин энергетика министрлигине талапкери сенатта жактырылды

Женнифер Гранхольм 2003-2011-жылдары Мичиган штатынын губернатору болуп иштеген.

1591207
Жо Байдендин энергетика министрлигине талапкери сенатта жактырылды

Америка Кошмо Штаттарынын  сенаты президент Жо Байден талапкер көрсөткөн Мичиган штатынын мурунку губернатору Женнифер Гранхольмдун талапкерлигин жактырды.

Сенаттын Башкы Ассамблеясындагы добуш берүүдө 64 сенатор "кабыл" добуш берсе, 35 сенатор Гранхольмдун энергетика министри болушуна "каршы" добуш берди.

Женнифер Гранхольм 2003-2011-жылдары Мичиган штатынын губернатору болуп иштеген.

Гранхольм Байдендин 2050 - жылга чейин өлкөдө көмүртекти бейтарап кылуу максатына ылайык таза энергияга өтүүнү камсыз кылуу үчүн иштей тургандыгы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар