Арменияда армиянын билдирүүсүнө каршы Пашиняндын тарапташтары көчөгө чыгышты

Башкы штабдын төрагасы Оник Гаспарян жана бардык жогорку даражалуу командирлер премьер-министр Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырган билдирүү жасашкан.

1590853
Арменияда армиянын билдирүүсүнө каршы Пашиняндын тарапташтары көчөгө чыгышты
2ermenistan darbe girisimi.jpg
4ermenistan darbe girisimi.jpg
5ermenistan darbe girisimi.jpg
6ermenistan darbe girisimi.jpg
ermenistan darbe girisimi.jpg
3ermenistan darbe girisimi.jpg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскер күчтөрү өз иштерин жасап, чек араларды коргошу керектигин билдирди.

Башкы штабдын төрагасы Оник Гаспарян жана бардык жогорку даражалуу командирлер премьер-министр Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырган билдирүү жасашкан.

Билдирүүдө Пашинян өкмөтү орчундуу жана жетиштүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз экендиги айтылган.

Башкы штабдын декларацияга байланыштуу билдирүүсүндө, «Биз өз позициябызды тастыктайбыз. Кызматтан кетүүгө чакыруу кысымдын натыйжасында болгон жок»,делди.

Пашинян болсо армиянын өзүнө каршы кызматтан кетүү чакырыгын «төңкөрүш аракети» деп атап, тарапташтарын көчөгө чакырды.

Пашинян ошондой эле Башкы штабдын башчысы Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады.

Бул окуялардан кийин, Пашиняндын жолугушууга чакыруусунан кийин, борбор шаар Ереванда болжол менен 20 миң адам Жумхуриет аянтында чогулушту.

Премьер-министр Пашинян борбордо уюштурган жүрүштөн кийин аянтка чогулган тарапташтарына кайрылды.

«Жоокер өз ишин кылсын, Армениянын чек араларын коргосун»,деген Пашинян бирөөлөр армияны конституцияга каршы иш-аракеттерге тартууга аракет кылып жатат деп билдирди.

Армиянын саясий процесстерге катышууга болбой тургандыгын, элге жана эл тандаган башкарууга баш ийүүсү керектигин баса белгилеген Пашинян, Башкы штабдын башчысы кызматтан кетиши керек деп билдирди.

Мурдагы бийликтин куралдуу күчтөрүндө куурчактары ​​бар экенин жана булардын кетиши керектигин айткан Пашинян: «Эл төңкөрүшкө жол бербейт, бирок мен өзүмдүн кызматымдан элдин чечими менен гана кетем. Биздин кезексиз шайлоо өткөрүү сунушубуз күчүндө, биз бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даярбыз»,-деп айтты.

Россиянын Президенттик Сарайы Кремлдин билдирүүсүндө, Еревандагы окуялар тынчсыздануу менен байкалып жатканы белгиленип, Россиянын президенти Владимир Путин менен Пашиняндын керек болсо баарлашуусу үчүн керектүү уюштуруу жасалганы белгиленди.

Кремлдин басма сөз катчысы Димитрий Песков жасаган билдирүүдө, «Биз Армениядагы окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатабыз. Бирок, болуп өткөн окуя Армениянын ички иштери. Армениядагы ар бир адамды тынчтанууга чакырабыз, кырдаал конституциялык алкакта сакталышы керек»,-деди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Айвазян Армения армиясынын премьер-министр Пашинянды кызматтан кетирүү талабынан кийин пайда болгон кырдаал жөнүндө маалымат берген сүйлөшүүдө, орус тарап кырдаал Армениянын ички маселеси катары каралганын, тынчтык жолу менен чечилет деп үмүттөнгөндөрүн бөлүштү.



Тектеш кабарлар