Германияда Асад режиминин мурунку чалгындоочулары абак жазасына тартылды

Эяд ел Гарибди адамзатка каршы кылмыштарды жасоого жардам бергендиги үчүн 4,5 жылга эркинен ажыратылды.

1589939
Германияда Асад режиминин мурунку чалгындоочулары абак жазасына тартылды

Германияда Кобленц штатынын Жогорку соту Сириянын чалгындоо кызматында иштеген Эяд ел Гарибди адамзатка каршы кылмыштарды жасоого жардам бергендиги үчүн 4,5 жылга эркинен ажыратты.

Соттун чечиминде ел Гарибдин кеминде 30 активистти камоого алып кыйноо көрсөтүлгөн абакка алып барганы аныкталгандыгы белгиленди. Ошол эле учурда Сирия чалгындоосу үчүн иштеген кылмышкер Энвер Расландын соту улантылууда.

Айыптоо корутундусуна ылайык Раслан 2011 – 2012 -жылдары адамзатка каршы кылмыш кылуу менен бирге зордуктоо жана 58 киши өлтүрүү менен айыпталууда.

Расландын 2014 -жылы, Гарибдин да 2018 -жылы Германияга барганы аныкталып, экөөсү тең 2019 -жылы Берлинде кармалган.

Федералдык башкы прокурор доону «адамзатка каршы жасаган кылмышы үчүн Асад режиминин мүчөлөрүнө каршы дүйнөдөгү алгачкы кылмыш иши» деп мүнөздөдү.

 



Тектеш кабарлар