Еврей жаштарынын көпчүлүгү палестиналыктарды же көрөт

Оккупацияга алынган Чыгыш Кудстагы Кудс еврей университети 1100 киши катышкан коомдук иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

1589117
Еврей жаштарынын көпчүлүгү палестиналыктарды же көрөт

Израилде жүргүзүлгөн коомдук иликтөөгө караганда еврей жаштарынын көпчүлүк бөлүгү Израиль жараны палестиналыктарды жек көрөт жана жарандыктан чыгарылышын каалашат.

Оккупацияга алынган Чыгыш Кудстагы Кудс еврей университети 16 – 18 жаштардагы 1100 жаш катышкан коомдук иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Өткөн жылы май  - июль айларында жүргүзүлгөн иликтөөгө караганда сурамжылоого катышкан ультра-православдык еврей жаштарынын 66 пайызы, динчил еврейлердин 42 пайызы жана светтик еврейлердин 24 пайызы  Израиль жараны палестиналыктарды жек көрөрүн билдиришкен.

Мындан тышкары, ультра-православдар менен динчил  израилдиктердин 49 пайызы, светтик еврейлердин 23 пайызы палестиналыктардын Израилдин жарандыгынан чыгарылышын колдой тургандыктарын билдиришти.

Израилдин светтик жаштарынын 23 пайызы ультра-православдык еврейлерди жек көрүшөрүн айтышкан.

1,9 миллиондон ашуун калктуу Израиль жаран палестиналыктар өлкөдөгү жалпы калктын болжол менен 21 пайызын түзүүдө.

Израилдик палестиналыктардын өкүлү болгон партиялардан түзүлгөн Биргелешкен Араб тизмеси  блогунун 120 орундуу парламентте 15 депутаты бар.

 

 

 



Тектеш кабарлар