Нигерияда куралдуу кол салуу болду
Кол салууда 6 киши каза болуп, 19 киши уурдалды.
1588419
Нигериянын Кадуна жана Кацина штаттарында болгон куралдуу кол салууларда 6 киши каза болуп, 19 киши уурдалды.
Мотоциклчен кишилер Кадуна штатына караштуу Кажуру аймагына куралдуу кол салышты. Кол салууда 5 киши каза болуп, 9 киши уурдалып, көп сандаган үй өрттөлдү.
Катсина штатында болсо куралдуу кишилердин кол салуусунда 1 киши каза болуп, 10 аял уурдалды. Аймакка коопсуздук күчтөрү жиберилди жана окуя тууралуу тергөө иштери баштатылды.