АКШ ДССУга карызын төлөйт

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен маалымат берди.

1585888
АКШ ДССУга карызын төлөйт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) болгон 200 миллион доллардан ашуун карыздарын айдын аягында төлөй тургандыктарын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде, коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы жана вакцинага бирдей жеткиликтүүлүк темасы талкууланган жыйында сөз сүйлөгөн Блинкен, АКШнын Ковид-19 вакцинасын өндүрүү жана таратуу жаатында дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр менен иштешерин айтты.

Пандемияга каршы күрөшүүдө жана күчтүү саламаттык сактоо системасын түзүүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маанисине токтолгон Блинкен, АКШнын ДССУнун глобалдык вакцина программасына (COVAX) каржылык колдоо көрсөтүүнү пландаштырып жаткандыгын айтты.

Блинкен: «АКШ ушул айдын аягына чейин ДССУга болгон 200 миллион доллардан ашуун каржылык милдеттенмесин төлөөнү пландаштырууда»,- деди.



Тектеш кабарлар