Индонезияда жер көчкү: 12 адам каза болду

Жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 12ге жетти.

1585382
Индонезияда жер көчкү: 12 адам каза болду

Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясындагы Нганжук аймагында 14-февралда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 12ге жетти.

"Компас" гезитинин жаңылыктарына караганда, Нганжук аймагына караштуу Нгетос айылындагы жер көчкүдөн дагы эки адамдын жансыз денеси табылды.

Каза тапкандардын санынын 12ге жеткендигин билдиришкен жетекчилер, дайынсыз жоголгон 7 адамды издөө-куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын кабарлашты.

16 киши жаракат алган жер көчкүдө жүргүзүлгөн издөөлөрдө 2 кишинин тирүү куткарылгандыгы маалымдалган болчу.



Тектеш кабарлар