Ковид-19 учурлары 5 жумадан бери төмөндөө тенденциясында турат
Гебреисус Твиттердеги баракчасынан Ковид-19 учурларынын саны боюнча билдирүү жасады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, коронавирустун (Ковид-19) жаңы учурларынын 5 жумадан бери төмөндөө тенденциясында экендигин билдирди.
Гебреисус Твиттердеги баракчасынан Ковид-19 учурларынын саны боюнча билдирүү жасады.
Дүйнөдө катары менен 5 жумадан бери жуктургандардын саны азайып баратканын белгилеген Гебреисус: «Быйыл ушул күнгө чейин жума сайын катталган бейтаптардын саны 4-январда 5 миллиондон ашык учурдан 8-февралда 2,6 миллион учурга, б.а 5 жуманын ичинде дээрлик жарымы кыскарды»,- деди.
Бул көрсөткүчтөр жөнөкөй саламаттык сактоо чараларынын Covid-19га каршы натыйжалуу болгондугун көрсөткөнүн белгилеген Гебреисус: «Эң негизгиси бул тенденцияны биз кандай кабыл алабыз. Өрт өчкөн жок, бирок биз анын көлөмүн кичирейттик. Эгерде күрөштү токтотсок, анда ал кайра кайтып келет», деп бөлүштү.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.