Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 155 876га, бейтап саны 10 миллион 930 000ге жетти.

1584560
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2 миллион 420 945ке жетти. Бейтап саны 109 миллион 772 000ге, айыккандардын саны 84 миллион 321 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 155 876га, бейтап саны 10 миллион 930 000ге жетти.

Россияда эпидемиядан улам бир күндө 459 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 80 979 болду. Ошол эле убакыттын ичинде вирус жуктургандардын саны да 13 233кө көбөйүп 4 миллион 99 000ге жогорулады.

Оккупация жана блокада астындагы Палестина жерлеринде эпидемиядан улам 2133 киши каза болду алардын ичинен каза 537 киши Газа тилкесинен.  Жалпы 190 316 киши вирус жуктурган алардын ичинен 53 593чү Газа тилкесинен. Бир тараптан Палестина саламаттык сактоо министри Мей Кейли жиберишкен коронавирус вакциналарынын Израиль мекемелери тарабынан блокадага алынган Газа тилкесине киришине уруксат берилбегендигин жарыялады.

Зимбабведе каза болгондордун саны 1410гө, бейтап саны 35 222 кишиге жогорулады. Өлкөдө кабинеттен 4 министрдин вирустан каза болушунан кийин чектөөлөрдүн 2 жумага узартылышына чечим чыгарылды.

Малайзияда  вирустан 975 киши каза болду. Өлкөдө 266 445 кишинин Ковид  - 19 тести позитив чыкты. Малайзияда өкмөт коронавирус вакциналарынын биринчи партиясынын 21 -  февралда келерин билдирди.

Коронавирустан 4 636 киши каза болгон Кытайда коронавирус үчүн минералдык суу жана туздуу эритме менен жасалма вакцина чыгарган кылмыш топтун лидери кармалды.

Түндүк Кипр Түрк Рнспубликасында Ковид  - 19га каршы 15 -  январда башталган вакциналоопрограммасы үзгүлтүксүз улантылууда. программанын негизинде  биринчи болуп медициналык кызматкерлер, 65 жаштан жогору болгон жарандар, карыялар үйүндөгү кишилер менен ал жерде иштеген кызматкерлерден башталып, булардын экинчи доза вакциналоо улантылууда. 

 



Тектеш кабарлар