Иран менен Россия Индия океанда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшөт

Иран армиясынын координациялоо боюнча орун басары, мурдагы деңиз күчтөрүнүн командачысы контр-адмирал Хабибулла Сейяри Орусия менен экинчи аскердик машыгуу өткөрө тургандыгын жарыялады.

1583291
Иран менен Россия Индия океанда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшөт

Иран менен Россия Инд океанынын түндүгүндө биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшөт.

Иран армиясынын координациялоо боюнча орун басары, мурдагы деңиз күчтөрүнүн командачысы контр-адмирал Хабибулла Сейяри Орусия менен экинчи аскердик машыгуу өткөрө тургандыгын жарыялады.

Машыгуу Инд океанынын түндүгүндөгү коопсуздукту туруктуу кылуу максатында өткөрүлөт деп айткан Сейяри: «Россиянын күчтүү деңиз күчтөрү менен Ирандын армиясы жана Төңкөрүшчүл сакчылардын ортосундагы машыгуу ачык-айкын кабарды камтыйт.Төңкөрүштөн бери биздин өлкө көптөгөн коркунучтарга туш болуп, душмандарыбыз ар кандай пландарды даярдашты»,-деди.

Машыгуу бир айдын ичинде өтөт деп күтүлүүдө.

Иран, Россия жана Кытай 2019-жылдын 27-29-декабрында Инд океанынын түндүгүндө жана Перс булуңунун Ормуз кысыгында биргелешкен машыгуу өткөрүштү.



Тектеш кабарлар