Борбордук Африка Республикасында коопсуздук күчтөрү Буар шаарын козголоңчулардан кайтарып алды

Буар шаарынын көзөмөлү 25 күндөн кийин кайрадан коопсуздук күчтөрүнө өттү.

1581111
Борбордук Африка Республикасында коопсуздук күчтөрү Буар шаарын козголоңчулардан кайтарып алды

Борбордук Африка Республикасынын батышында жайгашкан стратегиялык мааниге ээ Буар шаарынын көзөмөлү 25 күндөн кийин кайрадан коопсуздук күчтөрүнө өттү.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, Россия жана Руанда аскерлеринин колдоосу менен Борбордук Африка армиясы борбор шаар Банги менен Камерунду байланыштырган жолдо стратегиялык жактан маанилүү Буар шаарын кайрадан көзөмөлгө алганы кабарланды.

Армия 9-17-январь күндөрү болгон кагылышуудан кийин миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, Буар шаарын козголоңчу топ Патриоттор Коалициясы  колго алган.

80 пайызы куралдуу топтордун көзөмөлүндө турган өлкөдө коопсуздук күчтөрү козголоңчулар көзөмөлдөгөн Боали, Боссембеле жана Ялоке шаарларынан кийин Буарды да кайтарып алып алдыга жылууну улантууда.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар