ДСУ:«Эпидемиянын Ухандагы азык-түлүк базарынан келип чыкканы жөнүндө далил жок»

Кытайлык Синьхуа маалымат агенттигинин жаңылыктарына ылайык, ДСУнун делегациясынан орус эксперт Владимир Дедков Ковид-19дун келип чыгышы боюнча жаңы билдирүү жасады

1578675
ДСУ:«Эпидемиянын Ухандагы азык-түлүк базарынан келип чыкканы жөнүндө далил жок»

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) келип чыгышын иликтеген Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) делегациясы Ухандагы азык-түлүк базарынан келип чыккандыгы жөнүндө эч кандай далил жок экендигин жарыялады.

Кытайлык Синьхуа маалымат агенттигинин жаңылыктарына ылайык, ДСУнун делегациясынан орус эксперт Владимир Дедков Ковид-19дун келип чыгышы боюнча жаңы билдирүү жасады.

Дедковдун айтымында, Ухандагы азык-түлүк базарында эпидемиянын жайылышы үчүн бардык шарттар бар, бирок бул вирус ошол жерден чыккан дегенди билдирбейт.

Дедков, ошондой эле Ковид-19 Ухань Вирусология институтунун лабораториясынан чыгып кетти деген айыптоолорду да четке кагып: «Лаборатория мыкты жабдылган. Ошол жерден бир нерсе агып кеткен деп элестетүү мен үчүн кыйын»,-деп айтты.

2002-2003-жылдары Курч респиратордук синдром (SARS) эпидемиясынан кийин жарганат коронавирустарынын генетикалык маалыматтарын камтыган архив түзүү үчүн түзүлгөн институт, «Ковид-19 жасалма жол менен лабораторияда ушул жерде өндүрүлгөн жана жаңылыштык менен тышка чыгып кетти» деген айтымдарга тема болгон.

Кытайдын расмий өкүлдөрү бул айыптоолорду четке кагып, «Ковид-19 башка мамлекеттен келип чыккандыгы жана өлкөгө импорттолгон тоңдурулган деңиз азыктары менен келгендиги жөнүндө далилденбеген» каршы пикирлерин билдирип келишет.



Тектеш кабарлар