Россия Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Мария Захарова билдирүү жасады.

1576224
Россия Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Россия Батыш өлкөлөрүнөн алардын ички ишине кийлигишпөөнү суранды.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Россиянын РБК телеканалына жасаган билдирүүсүндө, Батыш өлкөлөрүнүн орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын бошотулушу жөнүндөгү талабына сереп салды.

Батыш өлкөлөрүнүн Навальныйга байланыштуу чакырыктарын бири-биринен көчүргөндөрүн айткан Захарова, мындай билдирүүлөрдүн чындыктан алыс экендигин жактады.

«Эгемендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишүүнүн кажети жок» деп билдерген Захарова, Батыш өлкөлөрүндө көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин айтты. Захарова: «Биз ар бир адамга өз көйгөйлөрү менен алектенүүнү сунуштайбыз», деди.

Россиянын соту оппозициячыл Алексей Навальныйдын 3,5 жылдык кечеңдетилген абак жазасын, соттун көзөмөлдөө талаптарына жооп бербегендиги себеби менен кадимки түрмөгө айландыруу өкүмүн чыгарды. Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев бул өкүмгө каршы чыга тургандыктарын билдирди.



Тектеш кабарлар